Коом
Жалал-Абадда “Токолка” аталышындагы сайт аркылуу денесин саткан 2 кыз кармалды

Кечээ, 14-январь күнү Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана УКМК кызматкерлери тарабынан “Токолка” аталышындагы сайт аркылуу өзүнүн денесин сатып жүргөн кыздар тууралуу ыкчам маалыматтар алынган.
Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясыны кабарлады.
Аталган маалымат каттоого алынып, ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында, Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана УКМК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну 1991-жылы туулган М.С. жана Жумгал районунун тургуну 1997-жылы туулган Б.А. Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде денесин сатып иштеп жүргөндүгү аныкталган.



