Коом
Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү узартылды

Бишкектин борборунда митинг уюштурууга тыюу салган чечим 1-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Эске салсак, алгач Бишкектеги айрым жерлерде ар кыл акцияларды өткөрүүгө быйылкы жылдын апрель айында тыюу салынган. Анда бул мөөнөт 1-сентябрга чейин деп белгиленген.
Мурдагыдай эле «Ала-Тоо» аянтында, Жогорку Кеңештин, өкмөт үйүнүн, УКМКнын имаратынын жана Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында акцияларды өткөрүүгө болбойт.
Митингдер Максим Горький атындагы сейил бакта гана өткөрүлүшү керек.



