Дүйнө
Улуу Британиянын жаңы падышасы 73 жаштагы Карл III болду

Карл III Улуу Британиянын жаңы падышасы болду. Бул тууралуу ВВС басылмасы жазат.
Эскерте кетсек, Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II Шотландиядагы Балморал сепилинде дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, кечээ дүйнө салган.
“Ханыша каза болгон учурда британдын таажысы дароо жана эч кандай салтанаты жок анын мураскору, Уэльстин мурдагы ханзаадасы Карл III өткөрүп берилди.



