Ооруканада эсине келбей көз жумду. Ысык-Көлдө таанышын сабап өлтүргөн шектүү кармалды

Ысык-Көлдө 45 жаштагы киши ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
10-сентябрь күнү Жети-Өгүз РИИБге райондук оорукананын тез жардам бөлүмүнөн билдирүү түшкөн. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 04:25 чамасында Даркан айылынын 45 жаштагы тургуну денесинен оор жаракат алып, эс-учун жоготкон абалда түшкөнү боюнча маалымдалган.
Териштирүү учурунда Даркан айылынын 31 жаштагы тургуну жана жабырлануучу спирт ичимдигин ичишип, түнкү саат 02:00 чамаларында өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишкенин аныкташкан. Муташтан улам алган жаракатынан эс-учун жоготуп, көчөдө жатып калган. Аны көрүп калган айылдаштары Тез жардам чакырышып, райондук ооруканага жеткиришкен. Эртеси жабырлануучу эсине келбей каза болуп калган.
Аталган факты Жети-Өгүз РИИБге катталып, 130-берене (ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон. 11-сентябрь күнү кылмышка шектүүгө айыбы угузулуп, 2 айга камакка алынган. Тергөө уланууда.


