Окуялар

Ысык-Атада өз уулун өлтүрүп, короого көмүп койгон жаран кармалды

Дайынсыз жоголгон адам киши колдуу болгону аныкталып, шектүү жаранды кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

2022-жылдын сентябрында Ысык-Ата РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Кайрылуусунда ушул жылдын 8-сентябрь күнү жолдошу 1987-жылы туулган жаран үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген. Кайрылуунун негизинде жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын жүрүшүндө Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жана Чүй ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан жаран Ысык-Ата районунун аймагындагы Чоң-Далы айылындагы ата-энесине барганы белгилүү болуп, андан аркы жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш чараларынын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон жаран ата-энесинин үйүнүн короосуна көмүлгөнү аныкталып, табылган.

Кылмышка шектүү катары өлтүрүлгөн жарандын атасы 1963-жылы туулган жаран кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, кылмыш үй-бүлөлүк чырдын жана ата-баланын өз ара урушунун негизинде жасалганы аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button