Коом

УКМК кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча туура эмес маалыматтарды чыгарбоого чакырат

Бүгүн  кыргыз-тажик чек арасындагы курал колдонулган окуядагы кырдаалга байланышуу  айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынан жалган маалымат тараган. Айрым ата-мекендик маалымат каражаттарынын бири  Тажикстандын чек ара кызматынын  туура эмес маалыматын тараткан.

Эскерте кетсек, кыргыз журналисттеринин бул кадамы эки элдин ортосундагы мамилеге жана өлкөлөр ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына терс таасирин тийгизиши мүмкүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна реалдуу коркунуч туудурат.

Бул жаатта массалык маалымат каражаттары да, мындай маалыматты тараткандар да абдан кыраакы болушу керек.  Бүгүнкү күндө ар бир интернет колдонуучу шектүү булактардан алынган ушундай ишенимсиз, туура эмес  маалыматтардын негизинде туура эмес дүйнө жүзүнө так эмес маалымат жеткириши мүмкүн.  Мамлекетибиздин тагдыры, биздин аскер кызматкерлеринин, чек ара аймактарындагы жарандардын жашоосу ушундан көз каранды.

 Мындан улам КР УКМК жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларын мамлекетибизди алсыратууга кызыкдар күчтөргө жардам бербөө үчүн жалган маалыматтарды таркатпоого чакырат.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Баткен облусунун Баткен районундагы Булак-Башы аймагнда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара отряды кызмат өтөп жаткан учурда тажтк-кыргыз  тарабынан мурда түзүлгөн келишимдерин бузуу менен мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагында  Тажикстандын чек ара отрядын аныкташкан.

 Кыргыз тараптын аймактан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбай, тажик чек арачылары ок чыгарган.  Буга жооп катары Кыргызстандын чек арачылары да курал колдонушкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button