Коом

Бишкекте жарнамалык такталарды демонтаждоо иштери уланууда

Бишкек шаарынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында борбор калаадагы көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Учурда Жукеев-Пудовкин жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө 100 жарнамалык конструкциялар демонтаждалган. Коопсуздукту камсыздоо максатында Бишкек шаардык МАИ кызматкерлери ишти жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button