Окуялар

Кара-Көлдө жайлоо өрттөнүп жатат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Көл шаардык бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айыл аймактык башкармалыгына караштуу Гүдү жайлоосунда болжол менен 10 гектарга жакын жер күйүп кеткен. Ал жерде куураган чөп, майда бадалдар жана арча бар. Адам өмүрүнө коркунуч келген фактылар катталган эмес.

Учурда Кара-Көл шаардык ӨКБдан 6 куткаруучу иш алып барууда. Өрт кечээ, 22-сентябрда саат 22:00дө чыккан.

Ал эми Жазы-Кечүү айыл аймактык башкармалыктын башчысы Күзөркан Таштанкулованын айтымында, быйылкы жылы аталган Гүдү жайлоосунда 3-ирет өрт катталууда.

«Өткөндө Уч жайлоосунун өзү өрттөнгөн. Андан соң, 19-сентябрда Кара-Жынгач жайытынын үстүндөгү Сары-Жон аймагында 8 гектардай жер өрттөнгөн. Бүгүн, 23-сентябрда Эдигей жайыты өрттөнүп жатат. Ушул үчөө тең Гүдү жайлоосуна карайт. Жалпысынан Гүдү жайлоосу деп аталат.

Жазы-Кечүү жана Оот айылдарынан жалпы 32 тургун өрттү өчүрүүгө кетишкен», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button