Чек арадагы чыр. “Кабар” агенттигинин маалымат борборунда медиаштаб түзүлдү

“Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин маалымат борборунда кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу маалымат берүү жана координациялоо боюнча ыкчам штаб түзүлдү, аны КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат кызматы координациялайт.
Медиаштабдын негизги максаты – жалпыга маалымдоо каражаттарына, коомчулукка жана дүйнөлүк коомчулукка үч тилде ишенимдүү, бирдиктүү жана акталдуу маалыматтарды жеткирүү.
Маалымат алуу үчүн медиаштабка кайрылуу керек, анда тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү күнү-түнү иш алып барышат.
Мындан тышкары, медиаштабдын маалыматтык аянтчасында мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана эксперттердин катышуусунда кризистик кырдаалдар болгон жерлерден маалымат жыйындар жана түз эфирлер үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.
Белгилей кетсек, медиаштабдын базасында шарттар түзүлгөн жана учурда мамлекеттик органдардын басма сөз катчылары, журналисттер, эксперттер жана блогерлер иш алып барууда.
Маалымат жыйындар “Кабар” КУМАнын интернет баракчаларында онлайн ишке ашырылат.
Байланыш номерлери: 0(312) 96-05-74, 0(312) 96-05-43.



