Коом

Бишкектин айрым көчөлөрүндө үч күн газ болбойт

Бишкектин айрым көчөлөрүндө 3-5-ноябрь күндөрү газ болбойт.

«Бишкекгаз» газ кызматы билдиргендей, жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 3-5-ноябрь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

Чыңгыз Айтматов проспектиси, Л.Толстой көчөсү, Матыев көчөсү, Бакаев көчөсү, Гагарин көчөсү.

Белгиленгендей, иштер шаардын жолдор тармагын реконструкциялоо боюнча жумуштарга байланыштуу Бишкек мэриясынын демилгеси менен жүргүзүлүүдө. «Бишкекгаз» газ кызматы өчүрүү учурунда альтернативдүү энергия булактарын колдонууну суранат

Тектеш кабарлар

Back to top button