Коом
Чоң-Алай жана Баткен жергесинде жарылуучу заттарды зыянсыздандыруу иштери башталды

Бүгүнтөн баштап Оштун Чоң-Алай жана Баткен облусунун чек арага жакын аймактарында жарылбай калган снаряд, мина, башка жарылуучу заттарды аныктоо, зыянсыздандыруу жана тазалоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы маалымдады.
Жарылуучу заттарды зыянсыздандыр жүрүп жаткан аймактар курчалып, кайтарууга алынат. Аталган жумуштар Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан макулдашылган.
Мындан улам КР УКМКнын Чек ара кызматы чек арага жакын жайгашкан аймактардын тургундарын сабырдуулукка, чагымчыл аракеттерге алдырбоого жана бардык маалыматтарды чек ара бөлүмдөрүнөн, жергиликтүү бийлик органдарынан алууга чакырат.



