Коом
Бишкекте унаалар өтө турган көпүрө курулду

Турусбеков көчөсүнүн уландысы болгон Манас көчөсүндө автоунаа өтө тургандай чоң көпүрө курулуп, бүгүн ачылышы болду. Буга чейин аталган көпүрө аркылуу жөө адамдар эле өтө алчу. Ал бузулуп, ордуна узундугу 36,5 метр, туурасы 11 метр, эки тарабында туурасы 2,25 метрлик тротуары бар чоң көпүрө салынды. Көпүрө «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Кытайдын гранттык каражатынын эсебинен жүргүзүлүп, жол куруу иштерин кытайлык компания жасаган. Ал эми көпүрөнү демонтаждоо иштерин Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгы жасады.



