Коом
NazarNews агенттигинин башкы эсепчиси Гүлсүн Тусупова изделүүдө

1982-жылы туулган Тусупова Гүлсүн Адилбековна изделүүдө.
Гүлсүн Тусупова 17-сентябрь күнү саат 14:00 чамасында Сокулук районунун Новопавловка айылында жайгашкан үйдөн чыгып кеткен бойдон ушул күнгө чейин кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 160-165 см, чачы кара (каре), көзү кара, мурду орто, түз, жүзү жарык.
Гүлсүн Тусупованын жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, 0312 60-75-67, 0312 45-33-80 (дежурный бөлүм), 0558 86-14-86 (издөө тобу) телефондоруна кайрылсаңыздар болот.
Эске сала кетсек, дайынсыз болуп жаткан Гүлсүн Тусупова NazarNews маалымат агенттигинде башкы эсепчи болуп иштеген



