Коом
Баткенде өчүрүлгөн 9 831 үйдүн электр энергиясы калыбына келтирилди

Баткен облусунда тажик тараптын кол салуусунан улам бузулган электр тармактарынын инфраструктуралык объектилерин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасы билдирди.
Оңдоо иштерине башка облустардан дагы бригадалар барып, 100дөн ашык адис тартылган
Белгилей кетсек, куралдуу кагылышууда трансформаторлор жана аба чубалгылары жарактан чыккан. Анын кесепетинен Баткен районунун алты, Лейлектин 32 айылы жарыксыз калган.



