Коом

Түркияда «Манас» жумалыгы өтөт

yandex_news_btn.svg

«Баарын коюп Манасты айт» аттуу «Манас» жумалыгы бүгүн «Меринос» паркында жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дө башталып, 28-сентябрга чейин уланат.

Ачылыш аземине ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, Түркия президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ жана Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Өмүралиев катышары күтүлүүдө.

Манасчылардан Талантаалы Бакчиев, Замирбек Баялиев, Рыспай Исаков, Азиз Биймырза уулу, Нурбек Талантбеков, Улан Исмаилов, Самат Көчөрбаев барат. Ошондой эле төкмө акындар Азамат Болгонбаев менен Максат Кулуев катышат.

Иш-чаранын максаты — дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври катары «Манасты» даңазалоо, эпос аркылуу түрк маданиятын эл аралык масштабда таанытуу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button