Спорт

Бүгүн кыргызстандык хоккейчилер Сингапурдун курамасы менен оюн өткөрөт

Бүгүн, 7-мартта Бишкекте 4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курама командасы Сингапурдун командасы менен оюн өткөрөт.

Дүйнө чемпионаты шаардык муз аянтында 3-8-март аралыгында өтүүдө.

Эки команданын оюну саат 20:00дө шаардык муз аянтында башталат.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын курамасы Иранды 13:1, Малайзияны  22:1 эсебинде жеңген.

Белгилей кетсек, аталган турнирде жалпы жонунан беш команда: Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Ирандын курама командалы күч сынашууда.

4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстандын аймагында биринчи жолу өтүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button