Спорт
Ош шаарынын 75 жаштагы тургуну велосипед менен Түркияга жетти

Ош шаарынын тургуну Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 5 мамлекеттен велосипед тээп өттү.
5-августта Ош шаарынын борбордук аянтында Түркияга «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» үчүн шайтан араба менен жолго чыккан 75 жаштагы калаа тургуну Мамыт Таштановду сапарга узатуу иш-чарасы болуп өткөн.
Мамыт Таштанов 5 мамлекет: Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Азербайжан, Армения аркылуу Түркияга барды. Аны Түркияда мекендештер тосуп алышкан.



