Саясат

Садыр Жапаров 4 посттун алынышына нааразыларды “резервдик ротага” мобилизациялоого тапшырма берди

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы посттордун алынышына нааразы болгондорду мобилизациялоого тапшырма берди. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Президент Жапаров коргоо министрине «Кыргызстан чек ара заставаларын алып салды, жерлерибизди берип салды» деп соцтармактарда жалган, так эмес маалымат тараткан жарандардын баарын «резервдик ротага» мобилизация кылып, Баткенге алып барып курал-жарак берип, аскерлер менен заставаларда делимитация, демаркация иштери бүткөнгө чейин кызмат кылдыргыла» деген тапшырма берди. Эгер бир метр жерибизди берип жаткан болсок, дал ошол жерге барып «мына ушул жерибизди берип жатат» деп айтып чыгышсын. Жалган маалыматтарды тараткандар өз көзү менен көрүп турсун деди өлкө башчы», — деп жазды маалымат катчы.

Президент эки тарап тең бетме-бет жакын жайгашкан заставалар алып салынганын белгилеген. Анткени ал жерлерде дайыма болор-болбос эле нерселерден ок атышуулар башталып, чоң кагылышууга айланып кеткен учурлардан улам эки жак сүйлөшүп, ушундай чечимге келгени айтылды.

«Бир дагы пост ачылган жок. Делимитация, демаркация маселеси чечилип бүткүчө чек ара посттору ачылбайт. Бул протокол Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесси толук аяктаганча, убактылуу болуп эсептелет. Ал эми «жерлерибизди алып коюшат» деп күмөн санаган жарандарыбызга айтаарыбыз, азыркы чек ара боюнча ар бир метр жерди эки тарап тең абдан жакшы билишет. Биздин жергиликтүү эл жана чек арачыларыбыз эч качан бир метр жерди да бербейт», — деген Жапаров.

Маалымат катчы тараткан билидрүүдө ар бир чек ара тилкеси спутник, учкучсуз учуучу аппараттар жана дрондор аркылуу 24 саат бою кайтарууда болору жазылган. Президент аскерлер жана жергиликтүү калк коопсуз жерлерден байкап турушарын, андыктан бул маселеде сарсанаа болууга эч бир негиз жок деп эсептейт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button