Баатырдын атын алыстан ук. Камчыбек Ташиевди туулган күнү менен куттуктоодо

Бүгүн УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин туулган күнү. Интернет тармагында Камчыбек мырзанын туулган күнүн куттуктагандардын саны арбын. Алардын арасында да өзгөчө пикирин жазып, Ташиевди чын дилинен куттуктаган Садык аттуу жигиттин пикирин билдиребиз.
Текст өзгөртүүсүз берилди:
“Камчыбек Ташиев 54 жашка толду. Учурдагы кыргыз саясатындагы эң таасирдүү жана талаш-тартыштуу фигура катары анын кулк- мүнөзү көпчүлүк үчүн дале болсо табышмактуу бойдон калууда. Анын саясаттагы айрым кадамдары көпчүлүктү таң калтырат жана сын-пикирлерди жаратат.Турмуш чындыгында Камчыке өтө жөнөкөй инсан. Ал ак көңүл, алакөөдөн, боорукер, ошол эле кезде кырдаалга жараша чечкиндүү, каардуу, катуу да. Эгер Ата-Журт үчүн кан-жанын аябаган мекенчилдик тууралуу сөз болсо Камчыке мындай сапаты боюнча эч кимди алдына салбайт. Албетте, чек ара сыяктуу мамлекеттин тагдырын чечкен өтө талуу, аярлуу маселеге келгенде бардык эле саясатчылар чечкиндүү кадамдарга бара алышпайт. Анткени чек ара бир эле мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чечилбейт. Кайсы бир чекте алдыга жылууга, же чегинүүгө туура келет. УКМКнын жетекчиси катары Камчыбек Ташиевге кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек араларын чечүү вазийпасы туура келди. Ал бул вазийпаны аткарууга баш-оту менен киришип аракет кылып жатат. Албетте, «эл оозунда элек жок» демекчи «жерди берип койду, сатып кетти» деген сыяктуу сын-пикирлер да көп. Бир сөз менен айтканда, сынчы көп бирок ага жакындан жардам берген билерман жок.Кимдир бирөөлөр үчүн чек ара чыры бийлик үчүн күрөштүн куралына да айланууда . Азыр эми чек ара көйгөйү тууралуу «ак же кара» деп бир нерсе айтыш да кыйын. Жакшылыктан үмүт үзбөй туралы. Мезгил тараза, тарых баарын өз ордуна коёт.
Экинчиден, Камчыке кайсы бир коррупционерлердин кекиртегине тыгылган таш болду. Мунун баары ага каршы ички чабуулду күчөттү.
Бирок, биз Камчыбек Ташиев эч качан өз элине чыккынчылык кылбай турганын, анын мүнөзүндө андай саткындык сапат жок экенин жакшы билишибиз керек. Андыктан ага ушундай көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жардам берип турушубуз зарыл. Эң башкысы Камчыкедей баатыр уулдарыбыздын шагын сындырбай колдоп-сүрөп турсак баары жакшы болот. Иншаллах!
Камчыбек Ташиевге Аллах Таала күч-кубат, ишине ийгилик, бекем ден-соолук берүүсүн тилейбиз!” – деп жазды фейсбук колдонуучусу.




