Коом

“БДК” быдылдабай отурсунчу! Жамандыктан пайда издегенин токтотсун!

Баягы Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Кеңешбек Дүйшөбаев, Рита Карасартова тарабынан түзүлгөн «Бириккен демократиялык кыймыл» бүгүн УКМК башчысы Камчыбек Ташиевди негизсиз каралап, кызматын тапшырып, жоопкерчиликке тартылуусу керек деп чыгышты.

Той-аштан колу бошобой, «БДК»ны саясий кыймыл эмес эле, абысындардын шеринесине айлантып ийип, жумасына бирден жылкы союп жешип, бирок Баткендеги кандуу  окуя сыяктуу кыйынчылыктарда баштарын аласына катып отурушкан бул жоон топ «псевдооппозиционерлерди» эч кандай мамлекеттин, элдин тагдыры кызыктырбашын ушундан эле билсе болот.

Болбосо булардын арасында бир кездери күч структураларынын, коопсуздук органдарынын башчылары бар. Ошолор элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эч болбосо кайрымдуулук иштерин жасап койгонго жараган жок.

Эми минтип түштөн кийин «коңулдан чыккан коңузга» окшоп, башкаларга акыл үйрөтүп, эптеп эле президентти алсыратып, анын арты менен бийликти басып алууга аракет жасап, анын тегерегиндеги ишенимдүү адамдарын, кадрларын каралай башташты. Ал эми иш жүзүндө карапайым адамдар, айрыкча Баткен эли башына түшкөн оор мезгилде кимдер ок кечип, элдин жүгүн моюнуна алып, тынчтык орнотууга жетишкенин жакшы билет. Андыктан кыргыз эли душмандын капилет кол салуусунан улам кан жутуп, кайгыга батып турганда арам оюңарды ичинерге катып, тынчыраак отуруп турсанар жарашмак.

Баткенде каза болгондордун сөөгү сууй электе дароо бул ыт-жыты билинбеген оппозиция табалагансып ушуну таптыбы? Жакшылык колундан келбесе ооздорун жаап, эл мүгдүрөп отурганда отко май чачышпасын. Азыр эл ызы чуудан кийин жаңы гана эстерине келип отурат. Оппозиция болсо жамандыктан пайда издебей, туура жолду көрсөтсүн.

Азыр оппозициябыз дегендердин ар биринин артында калбыры бар. Аларды да айта турган мезгил  келет. Андыктан, өздөрүн сүттөн ак көрсөтүшпөсүнчү!

Садырбек Калдарбаев

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button