Спорт

Ташкентте дзюдо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Ташкентте дзюдо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт
28/09/22 08:58 1 кароо ММК БА ТУУРАЛУУ0
Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Өзбекстандын борборунда 6-13-октябрь аралыгында дзюдо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.

Дзюдо боюнча эл аралык федерациянын сайтындагы маалыматка караганда, чемпионатка катышуу үчүн 86 мамлекеттен 570 балбан каттоодон өттү. Алардын 308и эркек жана 262си аял.

Чемпионаттын жеңүүчүлөрү медалдан тышкары акчалай сыйлыктар менен да сыйланат: жеке эсепте биринчи орун үчүн 26 миң евро, экинчи орун үчүн 15 миң евро жана үчүнчү орун үчүн 8 миң евро каралган. Командалык аралаш мелдеште жеңүүчү топко 90 миң евро, күмүштү камсыздагандарга 60 миң евро жана коло байге алгандарга 25 миң евро берилет.

Дзюдо боюнча дүйнө чемпионаты 1956-жылдан бери өтүп келет. Алгачкысы Жапонияда өтүп, ага 21 өлкөдөн 31 спорчу катышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button