Коом

Нарын ОИИБдин ардагерлери Баткенге 100миң сом акчалай жардам кылышты

«Көп түкүрсө көл» болот демекчи жакында эле Баткендеги каргашалуу окуяда жамы журт жапа тырмак чогулуп колдон келишинче жардам берип жатат.

Колдо болгон оокатынан, тамак-ашына чейин ташыган элдин биримдиги жүрөк жылытат. Мындай кайрымдуулук ишинен Ички иштер органдарынын кызматкерлери ал тургай ардагерлери да четте калган жок. Баткен элине жардам кылуу максатына Нарын облустук ички иштер органдарынын ардагерлери биргеликте 100 миң сом акча каражатын чогултуп, тиешелүү эсепке котрушту. Баткен элинин башына түшүп турган оор күндөрдө колдон келген жардамдарын берүү максатында өз салымдарын кошуп жаткан ардагерлерге ыраазычылык билдиребиз!

Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button