Окуялар

Абакка тыюу салынган буюмдарды киргизүүгө аракет жасаган жаран кармалды

№3- түзөтүү мекемесине тыюу салынган буюмдарды өткөрүүгө бөгөт коюлду.

2022-жылдын 28-сентябрында саат 01.45 чамасында Новопокровка айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын №3 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери менен биргеликте Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгынын СБНОН менен Чүй облусунун ИИБнын СБНОН кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн «Канал-Неман» операциясынын жүрүшүндө мекеменин аймагына тыюу салынган буюмдарды өткөрүү аракетинин дагы бир жолу токтотулду.

 Жүргүзүлгөн профилактикалык ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, түштүк тарабынан мекемеге скоч менен оролгон 3 таңгакты ыргытууга аракет кылган учурда Кыргыз Республикасынын жараны Ш.У.Ж кармалган. 

Ал таңгактын ичинен кара жашыл түстөгү, гашишке окшош, өзгөчө жыты бар, жалпы салмагы 1 кг 70 граммды түзгөн зат болгон.

Бул факты Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, кармалган адам жана чогултулган материалдар кошумча тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button