Коом

Жер тилкесине байланыштуу опузалап пара талап кылуу фактылары аныкталды

Аламүдүн районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын кызматкери опузалап пара талап кылууга шектелип кармалды.
Буга чейин ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Чүй облусунун тургуну коррупциялык мүнөздөгү укук бузуулар үчүн чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын биринин кызматкери облустун тургунунан жер тилкесине болгон укукту күбөлөндүргөн документти даярдоо үчүн акча каражатын опузалаганы маалым болгон.
Топтолгон материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын төртүнчү башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүшкөн.
Каттоо тармагынын кызматкери бир нече айдан бери пара катары акча каражатын талап кылып жатканы аныкталган. Андан тышкары, ал арыз ээсинин башка мүлкүнө кызыга баштаган.
Маалым болгондой, ушул жылдын сентябрь айында арыздануучудан ал кызмат абалынан пайдаланып акча каражатын алган. Андан кийин дагы ага үч жолу бөлүп-бөлүп акча каражаты которулуп, берилген.


2024-жылдын 4-ноябрында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын төртүнчү башкармалыгынын кызматкерлери акча каражаттарын акыркы жолу пара катары берүү учурунда шектүүнү кармашкан.
Ага өздүк кароо учурунда 20 000 сом табылып алынган. Акыркы он күндүн ичинде эле ага 40 миң сом акча каражаты берилген.
Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Соттун чечими менен кармалган жаран тергөө аяктаганга чейин камакка алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button