Спорт

Москвадагы мекендештер жиу-житсу боюнча өлкө чемпионатын өткөрүштү

Москва облусунда жиу-житсу боюнча биринчи жолу Кыргызстандын чемпионаты өткөрүлдү. Бул тууралуу КРдин Жиу-житсу федерациясы кабарлады.

Турнирди федерация уюштуруп, мелдешти өткөрүүгө уюмдун президенти Абдурахман Муртазалиев жана вице-президент Сапарбек Акматов барган.

Россияда болгон Кыргызстандын чемпионатына жүздөн ашуун спортчу катышкан.

«Турнирдин максаты — Россияда иштеп жүргөн мекендештерди колдоо, таланттуу спортчуларды табуу жана аларды курама командага кошуп Азия жана дүйнө чемпионаттарына катыштыруу», — деп жазылган маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button