Коом
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ишембиликте бир топ аймактарды тазалашты

Бүгүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги министр Д.Кутманованын жетекчилиги астында, «Улуттук тазалык күнүн» өткөрүп, ишембиликте бир топ аймактарды таштандыдан тазалашты.
Министрликтин кызматкерлери, аталган масштабдуу акциянын алкагында Бозбөлтөк тоосун жана Сейил паркын тазалап чыгышты.
Мында эко акцияга министрликтин аймактактык башкармалыктары, министрликке караган тиешелүү кызматтар жана борбордук аппараттын кызматкерлери активдүү катышып, таштандыларды тазалашты.







