Хамрохон Зарифи: Адахан Мадумаров Тажикстанга жерлерин кайтарып берүүгө макулдук берген

Социалдык тармактарда белгилүү бир маалыматтык сайтка чыккан Тажикстандын мурунку тышкы иштер министри, Тажикстандык Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү Хамрохон Зарифинин кыргыз-тажик чек арасы боюнча Адахан Мадумаровдун жер бергени тууралуу айтылууда.
Андагы маалыматтар өзгөртүүсүз берилет.
Хамрохон Зарифи, Тажикстандын мамлекеттик ишмери, Тажикстан Республикасынын мурунку тышкы иштер министри, Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү;
“Адахан Мадумаров башында турган кыргыз бийлигинин расмий өкүлдөрү тажик мамлекетинин жерлерин кайтарып берүүгө макулдук беришкен”
Бүгүнкү күндө тажик-кыргыз чек арасынын тегерегинде жаралган кырдаал курч бойдон калып, ал согуш отун тутантууга себеп болуп жатат. Менимче учурдагы кыргыз бийлиги бул маселени чечүүгө кызыктар эместей. Себеби Тажикстандын бир нече жолу маселени чечүүгө жасаган аракети майнапсыз болду. Менин оюмча 2010-жылга чейин бийлик жүргүзгөн Бакиевдин убагында эки өлкө ортосундагы чек арага байланыштуу аракеттер алгылыктуу жүргүзүлгөн. Эгер Бакиев бийликте болгондо тажик-кыргыз чек арасындагы азыркыдай кайгылуу окуялар орун алып, кан төгүүлөр болмок эмес. Анткени ошол кезде жооптуу кызматты аркалап турган, азыркы депутат, мамлекеттик ишмер, биздин ардактуу досубуз Адахан Мадумаров башында турган кыргыз бийлигинин расмий өкүлдөрү чек араны чечүү иштерин так жүргүзүп, азыр кыргыздар талашып жаткан тажик мамлекетинин жерлерин Тажикстанга кайтарып берүүгө макулдук беришкен. Эгер ошол иштер аткарылып, керектүү документтерге кол коюлуп калганда, азыр эки өлкө достук алакада болмок. Тилекке каршы Бакиев бийликтен кетип, иштер токтоп калган. Эми бул маселеге чекит коюш үчүн учурдагы кыргыз бийлиги чек ара маселесин чечүүгө кызыктар болуп, Адахан Мадумаровго окшогон адамдарды ортого салып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек деп ойлойм,» — деп жазылган маалыматта.





