
2022-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринде күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүк, аскердик тартип жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгы чыгарылды. Кеңешмеге Бишкек шаарында жайгашкан командачылыктын башкармалык начальниктери жана аскер бөлүктөрүнүн командирлери онлайн режиминде катышты.
Өткөн мезгилде аткарылган иштер жөнүндө башкармалык жана бөлүм башчылары баяндама жасашып, алар пландаштырылган иш-чаралардын аткарылышы жана коюлган милдеттерди аткарууга даярдыгы жөнүндө маалымат беришти. Ар бир баяндамачы аскердик тартипти, мыйзамдуулукту жана укук тартибин мындан ары бекемдөө маселелерин өзгөчө белгилешти.
Аскер бөлүктөрүнүн командирлери баяндамасында аткарылган иш-чаралардын натыйжалары жана коюлган милдеттерди аткарууга даяр экендигин билдиришти.
Андан кийин Ички аскерлердин колбашчысынын орун басарлары, башкармалык, бөлүм начальниктери да өз багыттары боюнча аскер бөлүктөрдөгү аткарылган иш-чаралар тууралуу баяндашты. Аскер бөлүктөрдүн алдына коюлган милдеттерди ийгиликтүү чечүүнүн маанилүү шарттарынын бири болуп, өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгынын сапатын, аскер кызматынын абалын жакшыртуу жана Баткен облусунун чек арага чектеш районундагы аскер кызматчыларын зарыл болгон материалдык – техникалык каражаттар менен өз убагында камсыз кылууну баса белгилешти.
Жыйынтыктап жатып, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы полковник Дамир Алыбаев Ички аскерлер коюлган милдеттерди толугу менен аткарганын айтып өттү. Ички аскерлердин өздүк курамынын “Кобальт – 2022” тактикалык-атайын машыгуусун даярдоо жана өткөрүү учурунда аскер кызматчыларынын бирдиктүү иш алып барганын өзгөчө баса белгиледи. “Ушундай учурларда биздин аскер кызматчыларыбыз алдыларына коюлган тапшырмаларды ар дайым намыскөйлүк менен аткарышат. Ички аскерлердин өздүк курамынын укук тартибин камсыз кылууга жана аймактык коопсуздукту чыңдоого кошкон салымы үчүн өлкөнүн жетекчилиги жогору баа берди”,- деди колбашчы өз сөзүндө. Колбашчы командирлерге региондордо болуп турган ар кандай өзгөрүүлөргө ар дайым даяр болушу керектигин жана өз ара аракеттенүүчү органдар менен милдеттерди биргелешип чечүүдө демилгелүү болууларын, ошондой эле ички аскерлердин кадыр-баркын жогорулатуу боюнча иш-чаралар токтоп калбашын тапшырды.
Отурумду жыйынтыктап жатып, Ички аскерлердин колбашчысы ушул жылдын кийинки чейрегине жаңы тапшырмаларды берди.
ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы




