Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы кенже жетектөөчү кызмат орундарына сынак жарыялайт. Талаптары

Кенже жетектөөчү курамдагы кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү боюнча сынакка «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген, ортодон төмөн эмес билими бар, укук коргоо органдарынын ээлеген кызмат ордуларына квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алынат.
Иш кагаздар 2022-жылдын 10-ноябрына чейин Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын кадрлар бөлүмүндө кабыл алынат.
Сынакка катышуу үчүн талапкер төмөнкү иш кагаздарды тапшырышы керек:
— жеке арыз;
— кадрларды эсепке алуу баракчасы/анкетасы;
— өмүр баяны, 2 нускада (өз колу менен жазылган жана басылган);
– тиешелүү билимин, квалификациясын же атайын билимин тастыктоочу документтердин, ошондой эле окуу учурунда алган баалары менен документтердин тиркемелеринин көчүрмөлөрү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (кызматка биринчи жолу кирип жаткан жарандардан тышкары);
— аскердик билеттин көчүрмөсү (эркектер үчүн) (түп нускасы сынака келген учурда көрсөтүлөт);
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынака келген учурда көрсөтүлөт) жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
— балдардын туулгандыгы тууралуу (эгерде балдары болсо) жана никелешүү жөнүндөгү (никеже турган болсо) күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү;
— укук коргоо органында кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө аскердик-дарыгердик комиссиянын медициналык корутундусу (жолдомо берилет);
— үчтөн кем эмес сунуш кат;
— сүрөттөр 9⨯12 (1 даана) жана 3⨯4 (4 даана).
Сынака катышуу үчүн талапкерлер тарабынан даярдалган иш кагаздарды кабыл алуу, аны кароо Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын кадрлар бөлүмү тарабынан ишке ашырылат жана анын жыйынты менен талапкерлерди сынака катышууга уруксат берүү боюнча чечим кабыл алат.
Сынак үч этапта өткөрүлөт:
— биринчи этап — дене бойлук даярдыгы боюнча ченемдерди тапшыруу. Талапкердин дене бойлук даярдыгына жана дене бойлук көрсөткүчтөрүнө карата талаптар укук коргоо органы тарабынан белгиленген ченемдерге ылайык аныкталат;
— экинчи этап — тестирлөө;
— үчүнчү этап — сынактын катышуучусу менен аңгемелешүү.
Бардык кошумча суроолор боюнча Каракол шаары, генерал Кутманалиев көчөсү 146 «А» дарегинде жайгашкан Ысык-Көл ОИИБдин кадр бөлүмүнө (№105, 107 кызмат бөлмөлөрү) жана төмөнкү телефондор аркылуу: (03922) 5-53-16 же 0700 440 130 кайрылсаңыздар болот.



