
2024-жылдын 9-февралында «Любачув» (Польша/Украина) көзөмөл-өткөрүү пунктунда Польшанын Интерполу тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерполунун өтүнүчү менен А.М. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды. Бул жаран Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмү тарабынан 2015-жылдан бери каракчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн.
Ошентип, 2015-жылы Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынан, белгисиз үлгүдөгү автомат менен куралданган 4 белгисиз адам, Ж.Ы. аттуу адамдын башкаруусундагы «Honda CRV» үлгүсүндөгү унааны токтотушуп, өлтүрөм деп коркутуп, жабырлануучунун 1 млн 30 миң АКШ долларын ээлеп алышкан. Кийинчерээк 3 кылмышка шектүү жарандар кармалып, төртүнчү кылмышка шектүү белгисиз тарапка качып кетүүгө үлгүргөн.
Учурда КР органдары тарабынан кармалган жаранды экстрадициялоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралууда.



