Саясат

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кызматынан бошотулуп, анын ордуна Жээнбек Кулубаев дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Казакбаев Руслан Айтбаевич Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, Казакбаев бул кызматка 2021-жылдын февралында дайындалган.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кулубаев Жээнбек Молдоканович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, КР тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Жээнбек Кулубаев буга чейин КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button