ДүйнөОкуялар

Индияда асма көпүрө кыйрап 141 адам каза болду

Индиянын батышындагы Гуджарат штатында жөө адамдар өтүүчү көпүрө кулап, кеминде 141 адам каза болду. 177 адам куткарылды. Буга чейин 91 адам өлгөнү белгилүү болгон. Издөө иштери уланууда.

Морби шаарынын жанындагы Мачху плотинасындагы көпүрө мындан 140 жыл мурун курулган. Ал эки жыл бою ремонтко жабылган. Көпүрө 26-октябрда ачылып, 30-октябрда кулаган. Жергиликтүү басылмалардын маалыматы боюнча, трагедия болгон учурда анын үстүндө 500дөн ашуун адам болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button