Спорт
Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмактагы балбандардын дүйнөлүк рейтингинде биринчи орунга чыкты

Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмак категориясында күрөшкөн балбандардын дүйнөлүк рейтингинде биринчи орунга чыкты.
Жакында эле ал Сербияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынган.
Кыргызстандын желегин дүйнө жүзүнө тааныткан балбаныбызды куттуктайбыз!



