Окуялар

УКМК: Баткенде уюлдук телефондорду мыйзамсыз жол менен алып келгендер кармалды

Баткен облусунун аймагындагы аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында, 2022-жылдын 22-июнунда «Кольцо» өткөрмө пунктунан КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик баажы кызматынын (МБК) «Баткен» бажысы менен бирдикте, Ш.К.А. аттуу КР жаранынын башкаруусундагы «Opel Zafira» маркасындагы авто унаа токтотулган. Унаанын жүк салгычын кароодо кошуна мамлекеттен контрабандалык жол менен алынып келинген 10 куту 660 даана уюлдук телефондор табылып алынган.

Бул факты боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы кылмыш ишин козгоду.

2022-жылдын 24-октябрында Лейлек райондук сотунун чечими менен, аталган уюлдук телефондорду ташууну уюштурууга катышкан КР жарандары У.М.С. жана К.Р.Б., күнөөлүү деп табылып, 320 миң сом айып салынган, ошондой эле мамлекеттин кирешеси катары уюлдук телефондор конфискацияланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button