Окуялар

Ысык-Көлдө дээрлик 3 млн сомго жакын экологиялык мыйзам бузуу аныкталды

1-июндан 1-августка чейин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору рейддик текшерүүлөрдү жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көлдүн суу коргоо аймагында жайгашкан эс алуу жайлары, жээк тилкелери жана башка объектилер көзөмөлдөндү. Натыйжада жалпы суммасы 2 миллион 94 миң сомду түзгөн 185 административдик протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн жыйынтыгында дагы 57 административдик протокол таризделип, алар боюнча 818 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Балык ресурстарын коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери 17 административдик протокол түзүп, жалпы 17 миң сом айып пул өндүрүштү. Ошондой эле суудагы биологиялык ресурстарга келтирилген зыян үчүн 4 миң 40 сом өлчөмүндө чыгымды өндүрүү боюнча доо талаптары коюлду.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы экологиялык коопсуздукту камсыздоо, жаратылыш ресурстарын сактоо жана экологиялык мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштерди мындан ары да улантарын билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button