Коом

Салык кызматы кабарлайт: ишкерлерге гибриддик 10 миң ККМ акысыз таратыла баштады

Салык кызматы ишкерлерге кассаны көзөмөлдөөчү жаңы муундагы гибриддик 10 миң машинаны акысыз берүүгө киришти. Бул туурасында аталган мекемеден кабарлашты.

«Ар кыл себептерден улам кассаны көзөмөлдөөчү машинаны (ККМ) өз алдынча ала албаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында акысыз таратылууда», — деп айтылган маалыматта.

Салык кызматы ал кандай шарт менен берилерин түшүндүрдү.

«Орнотулган POS-терминал (төлөм карталарын төлөөгө кабыл алуу функциясы) жана кассалык чек принтери менен бул гибриддик ККМдер субъектинин ишкердик активдүүлүгү учурунда акысыз берилет», — деп билдиришти алар.

ККМ аппаратын алуу үчүн салык төлөөчү экономикалык иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына арыз бериши керек.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө ККМди 54 миңден ашык ишкер колдонууда

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button