Кыргызстанда дрондордун учуусуна убактылуу чектөө киргизилди

Кыргызстанда 27-августтан тарта Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө байланыштуу учкучсуз учуучу аппараттардын (дрондордун) жана жалпы авиациялык аба кемелеринин учуусуна убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу КР Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги билдирди.
27-августтан 10-сентябрга чейин чектөө Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында колдонулат.
10-сентябрдан 15-сентябрга чейин чектөө Бишкек шаарын, Чүй жана Талас облустарын камтыйт.
Маанилүү: уруксатсыз дрондорду жана жалпы авиациялык аба кемелерин учурууга катуу тыюу салынат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар мыйзамсыз учууларды токтотот.Чектөө режимин бузгандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Бул чаралар эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар учурунда учуулардын, жарандардын, коноктордун жана катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилди.



