КоомОкуялар

Баяна Кулова кесиптешин каматтыбы?

”Мир 24kg” маалыматтык сайтынын журналисти Санрабия Сатыбалдиеваны журналист Баяна Кулова арыз жазып каматты деген пикирлер социалдык тармактарды каптады. Кулова бул тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасына төмөнкүдөй билдирүү жазган.
Өзгөртпөй беребиз:

Так Санрабия Сатыбалдиева боюнча….Жашырбайм, кесиптешим, аны каякка катайын. Бирок депутат Тазабек Икрамовдун мени күнөөлөп «типа мен Санрабияны Ташиевдерге болушуп карматып койгондой» берген интервьюсу акылга сыйбайт!!!!

Мындан бир жума мурун депутат Шайырбек Ташиевдин кафеде олтурганда сүйлөгөн сөзү интернетке чыгып укмуш талкуу болуп кетти. Обычно ушундайда жакшы сүйлөп эле өчүртүп коёбуз. Анан мен бул фейк менен сүйлөштүм ооба. Болгондо дагы оозун толтуруп өчүрүп коюу үчүн 10 миң АКШ долларын сурады!! жок мындай кылба десем болбойт. Өзүм дарылануума акча таппай жүрсөм каяктагы мынча акча?!!! Деги эле ушунча акчаны ким кармайт азыркы заманда?

Азыраак берүүгө көнбөдү. «Мен чет өлкөдөмүн, кетем тез табыңыз»-деп желкелей баштады. «Сени каматып менин жан дүйнөм ооруп калат, кой иним»-дедим. Себеби ал мага иниңиз болом Ташиевдерден кордук көргөм. Эгер акчаны бербесеңиз мен сиздин да аудиолорду чыгарам дей баштады. Мен аны эркек бала экен, бул кайдан чыккан кыйын болду экен деп укук коргоо органдарына кайрылдым.

Анан эле кечинде күнөөлүүлөрдү кармаган соң Санрабия чыгып калды. Болгондо дагы дал ушул «Айтам баарын»-деген акаунтту колдонуп менден акча алып жатыптыр. «Эже, коопсуздук үчүн курьерди мен чакырам сизге»-десе мен милицияларга силердин мурдагы сотрудник экен деп урушуп жүрөм алар менен. Же мурдагы укук коргоо кызматкери же түрмөдө олтурган бирөө дегем…..

Жок, болгондо дагы Санрабия чыгаары түшүмө кирген эмес!!! Ал укук коргоо органдарына мени менен жазышканын айтып акаунтт ачып көрсөтүптүр. Мен кантип эле ушул кош бойлуу аялды каматып ийүүгө эрким жетсин, менин да Кудайдан балалуу болоюн деген үмүтүм бар. Болгондо дагы Санрабияны.

Эми арызды алып, акчалар берилген соң үй камагына чыгартып коёюн, окуя жабылып кетсин деп фактыларды чыгарбай атсам мени каралоо башталдыбы?

Мен главно Кудайдын алдында акмын !! Санрабия чыгып калат деп ойлогон эмесмин, азыр дагы берки Калыс сатып койдубу деп ойлоп атам. Антти дейин десем акчалардын баарын менден курьер аркылуу өзү алып, анын баарын кайра моюнуна да алыптыр милицияларга. Менин ичимден кан өтүп кетти анын атын укканда. Түндө калчылдап милиция жигиттердин жанында ыйлап турдум, мага керек беле ушул?

Кесиптешимди каматып ийип Ташиевди коргоюн деген ойдон аябай алысмын. Санрабия чыгып калаары оюма келбеген, дагы кайталайм. Чыгып калса кантейин, укук коргоо органдары эми болушунча чара көрсүн!!

Болгону мени, жанымда жүрүп бир борбор калаада жашап атып алдаганы чындап каттуу тийди. Капа болдум, кош бойлуу аял бактылуу болуп үйдө олтурса болбойт беле.

Укук коргоого кайрылбайын деп миллион жолу аракеттенип кой болду деп түртүп аттым окуяны. Өзүм дарыланууга жөнөп атканда жөн кетейин деп алдастап блоктосом болбой телефонума чалып коркутуп түрлүү сөздөрдү айта баштады. Мени менен бир гана эркек бала сүйлөшүп атты, ошого мен эркек бала го же түрмөдөгү адам дегем….

Ташиевдер менин коргоомо муктаж эмес жана коргобойм. Өзүмдү шантаж кыла баштаганда чындап ачууландым. Мен мындай акча жасоого түп тамырынан каршымын, жакыным болсо дагы камакта жатуусун талап кылам!!

Кош бойлуулугун аяп арызымды алайын десем коркутуулар башталып кетти. Эсиңерде болсун мен жалгыз АЛЛАХТАН ЭЛЕ КОРКОМ!!

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button