Окуялар
Экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев камакка алынды

Бүгүн, 16-сентябрда КРдин мурунку премьер-министри Жоомарт Оторбаев камакка алынды. УКМКнын басма сөз кызматы анын аталган ведомостовонун абагына убактылуу киргизилгенин билдирди.
Тергөөнүн версиясы боюнча Оторбаев премьер-министр болуп турган чагында чет өлкөлүк «Кумтор Голд Компани» («Центера Голд Инк») компаниясынын кызыкчылыгы үчүн КРдин Суу кодексинин талабын жана КРдин «Суу жөнүндө» мыйзамын бузуп, «Кумтөр» кенинин Генеаралдык планына ылайык экологиялык экспертиза өткөрүүчү комиссяга кысым көрсөткөн. Ал Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдугун берип, чечим чыгарган.



