Коом

УКМК: Ош шаарынын борбордук стадионунун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чаралар жүрүүдө

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаарынын А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунун шарттарын жана инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, КР УКМК Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте мурда берилген жер тилкелерин муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча иштерди жүргүзүштү.

Архивдик документтерге ылайык, Ош шаарындагы борбордук стадиондун баштапкы аянты 5,5 гектар болсо, 2000-жылдан кийин 1,2 гектарга жакын жер жеке жактарга өтүп кеткен.

Азыркы учурда жер ээлери менен өз ара макулдашууга ылайык, Ош шаарынын борбордук стадионунун башкы дарбазасынын жанында жайгашкан имараттарды демонтаждоо иштери башталып, өз кезегинде мэрия тарабынан менчик ээлерине компенсация катары  аянттагы жер тилкелери  Ош облусунун башка райондорунан берилет.

 Бул багыттагы иштер улантылып, футбол стадионунун айланасындагы башка жер тилкелери жана объектилер боюнча мыйзам бузуу фактылары текшерилүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button