Коом

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн дубалынын кулашы боюнча эки прораб кармалды

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн дубалынын кулашы боюнча эки прораб кармалды.

Ленин райондук милициясынан билдиришкендей, 26-мартта саат 03:09дар чамасында “102” кызматына Жаш Гвардия бульвары менен Фрунзе көчөсүнүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы эки кабаттуу үйдүн чатырына кулап түшкөнү боюнча маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жиберилген.

Аталган факты Кылмыш кодексинин 272-беренесинин 2-бөлүгү менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө дубалы кулаган көп кабаттуу үйдүн прорабдары 1966-жылы туулган И.А. жана 1962-жылы туулган Ж.М. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Иликтөө уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button