Коом

Вебкам студия уюштурган Даниэль Ажиев 9 жылга кесилди

Ал Кылмыш-жаза кодексинин төмөнкү беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды:

160-берене (1-бөл.) — “Сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо, же болбосо ыплас аракеттерге ортомчулук, же болбосо сутенердук кылуу”.

161 — “Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу”.

261 (1-бөл.) — “Кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топту түзүү, ага тете мындай топту жетектөө”.

215 (3-бөл.) — “Алдоо же ишенимди кыянаттык менен пайдаланып, ири мүлктүк зыян келтирүү”.

Муну менен Ажиев мүлкүн конфискациялоо менен жалпы режимдеги колонияга 9 жылга кесилип, эки жылга ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратылды. Ошондой эле 220 миң сом айып төлөшү керек.

Ажиев былтыр июнда БАЭге учуп кетүү үчүн Өзбекстанга барган жеринен кармалган. УКМК ал коңшу өлкөлөрдүн жарандарынан турган 300дөн ашуун операторду иштеткенин айткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button