Коом
Акылбек Жапаров: Тоголок жетим балдарга мамлекет 500 миң сомдон берет
Тоголок жетим балдарга мамлекеттен 500 миң сомдон берилет. Бул туурасында Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө мындай категорияга кирген 2000дей бала бар. Баарына “Айыл банктан” эсеп ачылып жатат, алар 18 жашка чыккандан кийин каражатты окууга жана ипотека менен үй алууга колдоно алат.
Өкмөт башчы бул боюнча жакында президенттин чечими чыкканын белгиледи.



