Коом

“Кыргызкөмүр” МИсы Ош шаарына кампа ачты, ал жакта көмүрдүн тоннасы 4800 сомдон сатылат

Бүгүн алгачкы жолу Оштун Жапалак айыл өкмөтүнүн Татар айылына үч машине көмүр төгүлдү.

Көмүр Ош облусуна караштуу “Загара” көмүр кенинен ташылып келип жатат.

2022-жылдын 15-ноябрынан баштап, калган отун кампаларга көмүр жеткизилип баштайт. Алардын даректери👇

Ош шаарынын
~Бирлешкен айылы;
~Жапалак айыл өкмөтү;
~Туран кичи шаарчасы;
~Амир-Темир кичи шаарчасы.

Ушул жерлерде көмүрдүн тоннасы 4800 сомдон калкка сатылып баштайт. Мындай баада көмүр Ош шаарынын тургундары толугу менен камсыз болгонго чейин ташыла берет.

“Кыргызкөмүр”МИсынын кампасында кызыл түстө баннер илинип турат.
Эске сала кетсек азыркы учурда Оштун башка кампаларында бир тонна көмүрдүн баасы 7500 сомдон кем эмес.
Эми жергиликтүү тургундар тоннасын 4800 сомдон ашпаган баада сатып алууга шарт түзүлдү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button