Коом

“Манас” аэропорту 9 айда 2 миллиондон ашуун жүргүнчү тейледи

2022-жылдын 9 айында «Манас» эл аралык аэропорту 2 млн 34 миң 848 жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ички каттамдарда жүргүнчүлөрдүн агымы 570 миң 25 адамды түзсө, эл аралык каттамдарда 1 млн 464 миң 823 жүргүнчү катталган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 33,5%га өскөн.

«Манас» эл аралык аэропортунда 9 ай ичинде 18 миң 295 аба каттамы аткарылган.

Белгилей кетсек, «МЭА» ААКнын аэропорттору 2022-жылдын 9 айында 3,8 миллиондон ашык жүргүнчүнү тейлегенге жетишти

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button