Коом

Кыргызстандын территориясы кемибей, тескерисинче, кеңейеби??

Кемпир-Абад боюнча акыркы мезгилде коомчулукта ар түркүн пикир айтылып, бири ак десе, экинчи тарабы көк деп талаш жаралды. Чындык экөөнүн ортосунан компромисстен келип чыгат. Ага кызыккан адам чанда.
Бир эле мисал келтирсек, мурда өлкөнүн жалпы аймагы 199 951 км² болсо, Кемпир-Абад келишиминен соң, өлкө аймагы кеңейип, 210 км² түзүп калат экен. Муну сокур деле көрүп, канчалык деңгээлде биздин пайдабызга чечилип жатканын аңдай алат го.
Бир катар Өзбекстан тараптагы айылдар да кыргыз тарапка өтүп, көчүрүлүп жатыптыр деп да эшиттик. Мунун эмнеси жаман? Жаман жаман дей берсек, жакшынын неси калат? Жакшы жактарын да айталы анча болду.
Бул да болсо мамлекеттин жетекчилигинин чечкиндүүлүгү, өзүнө жоопкерчиликти алып көп жылдан бери чечилбей келе жаткан талылуу маселени козгоодон жалтанбастыгы деп бааласак туура болоор.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button