Саясат
Ташиев: Өзбекстанга чек арадагы талаш тилкелердин бир сотых жери берилген жок
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралууда.
Тактап айтканда, 2022-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндөгү келишим жана эки өлкөнүн өкмөтү ортосунда Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорлору каралууда.
Жыйында УКМКнын төрагасы, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Камчыбек Ташиев Өзбекстанга кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш тилкелеринин бир дагы сотых жери берилбегенин айтты.



