Коом

Милиция кызматкерлери Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолугушууда

Кызыл-Кыя ШИИБдин милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору милициянын көчмө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын өкүлү жана Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Ак-Булак, Совхоз айылдарында тургундары менен жолугушуп, шаар аймагындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктарга жол бербөө, ошондой эле үй-мүлктөрүнө сак болуу, жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо максатында аларга көзөмөлдү жүргүзүүнү, андан сырткары  ысырапкерчиликке бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.  
 Ошондой эле, Совхоз айылында жайгашкан Гулматов атындагы орто мектептин окуучуларына мектеп рекетин болтурбоо, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
    Милициянын көчмө кабылдамасы Ак-Булак, Совхоз айылдарын кыдырып,  социалдык мааниде 4 арызды кабыл алып, аны тиешелүү мекемеге жөнөттү.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button