Коом

УКМК: Сүлүктү шаарындагы мурдагы мамлекеттик оорукананын имараты мамлекетке кайтарылды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай,  КР УКМК тарабынан Сүлүктү шаарындагы мурдагы мамлекеттик оорукананын имараты жанаша жайгашкан жалпы 0,88 га аянты менен мамлекетке кайтарылды. 2010-жылдын декабрында ачык аукцион аркылуу аталган оорукананын имараты КРнын Жер кодексинин 78-беренесинин 2-пунктун бузуу менен көмүр казуучу компанияларга жеке менчикке сатылган.

Кийинчерээк Сүлүктү шаарындагы мурдагы оорукананын имараты максатсыз пайдаланылып, бузулуп, иштебей калган.

Сүлүктү шаары, Студенческая көчөсү дарегинде жайгашкан 0,88 га жер тилкеси менен мамлекеттик оорукананын имараты  көмүр казуучу ишканалар менен түзүлгөн келишимге ылайык, Сүлүктү шаардык мэриясынын балансына ыктыярдуу түрдө кайрадан каттоодон өткөрүлгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button