Ийне сайылган момпосуйлар. Сурабалдиева кармалган жарандын психикалык абалына тынчсызданды

Парламенттин бүгүнкү жыйынында Эльвира Сурабалдиева массалык маалымат каражаттарында ийне менен байланган момпосуйларды балдарга таратып жүргөн адам кармалганы тууралуу маалымат тараганын белгиледи.
«Балким, баарыбыз билебиз, бул адам ден соолугу жагынан жабыркаган. Акыркы 30 жылда психоневрологиялык жана менталдык медициналык мекемелерде реформалар жүргүзүлүп келди. Жыйынтыгында мындай адамдарды көзөмөлдөгөн органдардын абалы кандай? Жетекчилер дайыма алмашып турат. Психотерапевттер бар, ооруканалар бар, бирок ким каттоого алат, ким көзөмөлдөйт? Менин оюмча, бул саламаттык сактоо системасындагы реформалардын начар жыйынтыгын көрсөтөт», — деди Сурабалдиева.
Ал менталдык көйгөйлөрү бар адамдар үчүн мекемелердин ишин тиешелүү комитетте Саламаттык сактоо министрлигинин катышуусу менен карап чыгууну сунуштады.



